> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Равшанбек Сабиров Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү заводго барды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/11/ravshanbek-sabirov-kara-baltadagy-munaidy-kaira-ishtetuuchu-zavodgo-bardy/
- Published: 2026-11-11T06:23:32.000Z
- Updated: 2026-11-11T06:29:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кара-Балта шаарындагы чыгыш өнөр жай аймагында жайгашкан "Чайна Петроль Компани "Джунда" ЖЧКсынын мунайды кайра иштетүүчү заводун капиталдык оңдоо жана модернизациялоо боюнча ири инвестициялык долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен жеринен таанышты.**

Бүгүнкү күндө заводдун долбоордук өндүрүштүк кубаттуулугу жылына **800 миң тоннаны** түзөт. 

> Маалыматка ылайык, ишкананы модернизациялоого багытталган инвестициялардын жалпы көлөмү **193,75 млн АКШ долларына** чейин көбөйтүлдү. 

Долбоорду ишке ашыруу К4 жана К5 экологиялык класстарындагы күйүүчү майларды өндүрүүгө өтүүгө, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого жана ички рынокту ата мекендик мунай заттары менен камсыз кылууга багытталган.

**Мындан тышкары, долбоор маанилүү социалдык-экономикалык мааниге ээ. Анын алкагында Кыргызстандын* ***617 жараны жумуш орундары** *менен камсыздалууда.*

Улуттук агенттиктин башчысы ишке киргизүү алдындагы жөндөө иштерин толук бүтүрүүнүн жана объектти пайдаланууга берүү боюнча иштерди мурда кабыл алынган милдеттенмелерге ылайык белгиленген мөөнөттө аяктоонун зарылдыгын баса белгиледи.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**