> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тоолуу өлкөлөр үчүн органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү программасы сунушталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/11/tooluu-olkolor-uchun-organikalyk-aiyl-charbany-onukturuu-programmasy-sunushtaldy/
- Published: 2026-11-11T08:12:00.000Z
- Updated: 2026-11-11T08:11:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кыргызстан 2027–2032-жылдарга карата тоолуу өлкөлөрдө органикалык аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык программаны демилгеледи. Анын алкагында пилоттук органикалык аймактарды түзүү, топурак менен экосистемалардын көмүртекти сиңирүү потенциалын баалоо жана климаттык фонддордон каржы тартуу сунушталууда.**

Демилге 10-ноябрда Түркиянын Анталья шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын (COP31) алкагында көтөрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

> Билдирүүгө караганда, иш-чараны министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев ачып, өлкөдөгү органикалык айыл чарбасны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын жана “Органикалык аймактар” демилгесин тааныштырды. Ал органикалык өндүрүш жерлерди калыбына келтирүүдө, тоо экосистемаларын сактоодо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууда маанилүү экенин белгиледи. 

Сунушталган 2027–2032-жылдарга карата “Тоолуу өлкөлөрдүн органикалык аймактары — топурактын жана экосистемалардын көмүртек потенциалы, климат жана азык-түлүк коопсуздугу” аттуу эл аралык программа тоолуу мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, илимий коомчулуктун жана каржы институттарынын аракеттерин бириктирүүгө багытталган.

Программанын алкагында экологиялык таза продукция өндүрүүнү кеңейтүү, жер кыртышынын асылдуулугун калыбына келтирүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу жана климатка туруктуу технологияларды киргизүү каралган. Ошондой эле жергиликтүү фермерлерди жана кайра иштетүү ишканаларын колдоо пландалууда.

Мындан тышкары, тоолуу өлкөлөрдө пилоттук органикалык аймактарды түзүү, топурак менен экосистемалардын көмүртекти сиңирүү жана топтоо мүмкүнчүлүгүн баалоо үчүн климаттык мониторинг системасын иштеп чыгуу, эл аралык климаттык фонддордон жана инвестициялык институттардан каражат тартуу сунушталды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/17f9f60c-5e16-4e2d-a7d3-bacefb691a45.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/a3a75e7c-6167-49bd-a275-a84fdf6db418.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/b2f27eee-3ffd-471f-b32f-63ea93860e6e.webp)