> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жасалма интеллект жергиликтүү малдын тукумдарын изилдөөгө жана сактоого жардам берет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/11/zhasalma-intellekt-zhergiliktuu-maldyn-tukumdaryn-izildoogo-zhana-saktoogo-zhardam-beret/
- Published: 2026-11-11T09:10:47.000Z
- Updated: 2026-11-11T09:10:47.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бишкекте мал-жандыктарынын генетикалык ресурстары боюнча маалыматтарды чогултуу, башкаруу жана сунуштоо жаатындагы потенциалды жогорулатууга арналган ФАОнун семинары өттү. Бул тууралуу FAO Kyrgyzstan социалдык баракчасында жарыялады.**

Маалыматка ылайык, жергиликтүү жана эл аралык эксперттер ФАОнун DAD-IS маалыматтык системасын колдонуу, маалыматтардагы кемчиликтер жана аларды чогултуу боюнча милдеттерди бөлүштүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле катышуучуларга сүрөттөрдүн негизинде бодо малдын тукумун аныктоого багытталган, жасалма интеллекттин жардамы менен иштелип чыккан, BreedLens куралы тааныштырылды.

> "Генетикалык ресурстар биздин келечегибизди коргоого жардам берет", деп белгиледи ФАОнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Олег Гучгельдыев.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/901939955_1634117687937919_4927963403056948274_n-1.jpg)

Семинардан кийин эксперттер мал чарба фермаларын кыдырып , бодо малдын жергиликтүү популяциялары жөнүндө маалыматтарды чогултуу үчүн Ысык-Көл облусуна жөнөп кетишти. Иш сапар Тон, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп жана Ысык-Көл райондорундагы чарбаларга барууну камтыйт.

Чогултулган маалымат - BreedLens куралын жакшыртууга жана малдын тукумдары боюнча маалыматтарды өркүндөтүүгө көмөк көрсөтөт. Так жана актуалдуу маалыматтар жергиликтүү тукумдардын абалын баалоо, тобокелдиктерди өз убагында аныктоо жана баалуу генетикалык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча чараларды иштеп чыгуу үчүн зарыл болот.

> Жергиликтүү тукумдарды сактоо мал чарбачылыгынын туруктуулугун бекемдеп, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга көмөк көрсөтөт жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун колдойт - деп, белгиленген билдирүүдө.