> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Борбор Азияга климаттык долбоорлор үчүн 200 млн евро бөлүнөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/12/borbor-aziiaga-klimattyk-dolboorlor-uchun-200-mln-evro-bolunot/
- Published: 2026-11-12T06:36:10.000Z
- Updated: 2026-11-12T06:36:10.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Борбор Азия өлкөлөрүндө климаттык туруктуулукту жогорулатуу жана жаратылыш экосистемаларын калыбына келтирүү үчүн жети жыл ичинде 200 млн евродон ашык каражат мобилизацияланат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, бул маселе БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча конференциясынын (COP31) алкагында Антальяда өткөн министрлердин жолугушуусунда талкууланды. Ага Кыргызстандын жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев катышты.

Министр Кыргызстандын тоо экосистемаларын, токойлорун жана жайыттарын сактоо климаттык жана экологиялык коопсуздук үчүн маанилүү экенин белгиледи.

CLiCA аймактык программасы деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүүнү, климатка туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүүнү жана фермерлерди каржылык ресурстар, технологиялар менен камсыздоону камтыйт.

Долбоор Борбор Азиянын климаттык туруктуулугун бекемдөөгө, жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкарууга жана жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.