> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Балтада 41,2 млн долларлык фармацевтикалык комплекс курулууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/12/kara-baltada-41-2-mln-dollarlyk-farmatsevtikalyk-kompleks-kuruluuda/
- Published: 2026-11-12T06:02:00.000Z
- Updated: 2026-11-12T06:01:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров 11-ноябрда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында "Стандарт Фарм Групп" ЖЧКсынын фармацевтикалык өндүрүш комплексинин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.**

> Маалымдалгандай, долбоорго жалпы **41,2 миллион АКШ доллары** өлчөмүндө инвестиция салуу каралган.

Өндүрүш комплексинде дары-дармек каражаттарын, желатин капсулаларын жана физиологиялык эритмелерди чыгаруу пландалууда. Ишкана ишке киргенде **300гө жакын** жаңы жумуш орду түзүлөт.

Долбоор ата мекендик фармацевтикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө, медициналык продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө жана импортко болгон көз карандылыкты азайтууга багытталган.

Мониторинг учурунда долбоордун учурдагы абалы жана ишкананы мындан ары өнүктүрүү пландары талкууланды.

Ошондой эле Равшанбек Сабиров компаниянын жергиликтүү студенттерди окутуп, кийин аларды ишканага жумушка орноштуруу боюнча тажрыйбасын белгиледи. Ал квалификациялуу жергиликтүү адистерди даярдоонун жана жаштарга кесиптик мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/1794459855758-ysgol52t.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/1794459865456-b2e8o7dd.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/1794459865579-pum82oop.jpg)