> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чолпон-Атада лыжа базасы жана 100 орундуу оорукана курулат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/13/cholpon-atada-lyzha-bazasy-zhana-100-orunduu-oorukana-kurulat/
- Published: 2026-11-13T07:49:00.000Z
- Updated: 2026-11-13T07:48:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында өлкө лидери Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы жана аймактагы инфраструктуралык долбоорлор тууралуу маалымат алды. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.**

> Билдирүүгө ылайык, Чолпон-Ата шаарында жана бир катар айылдарда саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу пландалууда.

Мындан тышкары, шаарда жана Ананьево айылында ар бири **100 орунга** ылайыкталган **2 оорукана** куруу каралган.

Аймакта туризмди өнүктүрүү максатында **2,6 млрд сомдук** тоо лыжа базасын куруу жана Кес-Сенирде аквапарк ачуу долбоорлору да сунушталган.

Аталган долбоорлор аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, инфраструктураны жакшыртууга жана жергиликтүү тургундардын жашоо шарттарын жогорулатууга багытталган.