> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдө мыйзамсыз аңчылык үчүн жаранга айып салынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/13/chuido-myizamsyz-anchylyk-uchun-zharanga-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-11-13T06:34:00.000Z
- Updated: 2026-11-13T06:33:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Чүй облусунун Москва районунда мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейд жүргүзүлүп, аңчылык эрежелерин бузган жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш минситрилигинине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы кабарлады.**

Аталган кызматтын Биоресурстарды контролдоо бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан уюштурулган рейд Кызыл-Туу айылынын түндүк тарабында өткөрүлгөн.

> Маалыматка ылайык, саат 19:45 чамасында аңчылык кылып жүргөн жарандар токтотулуп, алардын тиешелүү документтери текшерилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аңчылык эрежелерин бузган бир жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесине ылайык **12 миң 500 сом** айып пул салынды.

Мындан тышкары, жарандарга аңчылык эрежелерин сактоо жана браконьерликке жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.