> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанга климаттык долбоорлор үчүн 30 млн доллар бөлүндү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/13/kyrgyzstanga-klimattyk-dolboorlor-uchun-30-mln-dollar-bolundu/
- Published: 2026-11-13T07:07:00.000Z
- Updated: 2026-11-13T07:06:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Кыргызстан Климаттык инвестициялык фонддордун (CIF) ARISE глобалдык инвестициялык программасына катышуу үчүн тандалды. Анын алкагында өлкөгө 30 млн АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген климаттык каржылоо пакети каралды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги маалымдады.**

> Билдирүүгө караганда, иш-чарага Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев катышып, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу тоолуу өлкө болгон Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.

Министр климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, климаттык тобокелдиктердин алдын алуу жана жеке инвестицияларды тартуу өлкөнүн негизги артыкчылыктары экенин айтты.

> Анын белгилешинче, каражат туруктуу инфраструктураны өнүктүрүүгө, эрте эскертүү системаларын киргизүүгө, тоо экосистемаларын жана токойлорду калыбына келтирүүгө, ошондой эле деградацияга учураган жерлерди реабилитациялоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Акыл Токтобаев Кыргызстан ARISE программасынын алкагында улуттук инвестициялык долбоорлорду даярдоого, кошумча каржы тартууга жана жеке сектордун катышуусу менен аралаш каржылоо механизмдерин өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

ARISE программасы туруктуу инфраструктураны өнүктүрүүгө, инновациялык чечимдерди киргизүүгө жана климаттык каржылоонун узак мөөнөттүү механизмдерин түзүүгө багытталган.