> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/13/osh-oblusunda-100-orunduu-bala-bakcha-kuruluuda/
- Published: 2026-11-13T13:49:00.000Z
- Updated: 2026-11-13T13:48:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Лангар айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы **81 млн сомду** түзөт.

Жаңы имаратта ашкана, азык-түлүк сактоочу кампа, дарыгердин бөлмөсү, уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, тарбиялык сабак өтүүчү жай жана кабылдама каралган. Ошондой эле балдар үчүн коопсуз оюн аянтчасы уюштурулат.

Бала бакчанын жалпы аянты ****1074 чарчы метрди** түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган.

Учурда имараттын чатыры жабылып, сырткы шыбак жана ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.