> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/13/salyk-kyzmaty-66-minden-ashyk-ishkerdi-tizmege-kirgizdi/
- Published: 2026-11-13T13:07:00.000Z
- Updated: 2026-11-13T13:06:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик салык кызматы ишмердүүлүгүн жүргүзбөгөн юридикалык жактарды мажбурлап жоюу жана жеке ишкерлердин салыктык каттоосун жокко чыгаруу боюнча үчүнчү этапты баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

> Маалым болгондой, бул этаптын алкагында Салык кызматынын расмий сайтына жалпы **66 миң 43 салык төлөөчүнүн** тизмеси жарыяланды. Алардын ичинен **15 миң 616сы** юридикалык жак, 5**0 миң 427си** жеке ишкер.

Тизме расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин салык органдары юридикалык жактарды мажбурлап жоюу жана жеке ишкерлердин каттоосун жокко чыгаруу жол-жобосун баштоого укуктуу.

Ошол эле учурда тизмеге кирген салык төлөөчүлөр тиешелүү отчетторду тапшырып, салыктык милдеттенмелерин аткаруу аркылуу тизмеден чыгарылышы мүмкүн.

Мындан тышкары, кредиторлор жана башка кызыкдар тараптар белгиленген мөөнөт ичинде негиздер болгон учурда жол-жобону токтото туруу боюнча салык органдарына арыз менен кайрыла алышат.

Салык кызматы тизмеге киргизилген диний уюмдарга, саясий партияларга жана башка коомдук бирикмелерге өзгөчө көңүл бурууга чакырат.

Тизме менен Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтындагы [sti.gov.kg ](https://sti.gov.kg/?fbclid=IwY2xjawVj3IRleHRuA2FlbQIxMABwZG9mBWJyaWQRMFpoRGY4UExnS2tOQTNPejNzcnRjBmFwcF9pZBAyMjIwMzkxNzg4MjAwODkyAAEfRq8Z1YxySzaCDbCS0PSfo-aQbrb1EqQKy8mxCKbRlEPmm2b1P2J4rXHxSII%5Faem%5Fle1titJPbcf26aiUgJRDiw)дарегинен "Башка бөлүмдөр" → "Салык төлөөчүлөрдүн ачык реестрлери" бөлүмү аркылуу таанышууга болот.