> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта БУУнун программасы аркылуу 96 жумушсуз жаран жумушка тартылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/13/talasta-buunun-programmasy-arkyluu-96-zhumushsuz-zharan-zhumushka-tartyldy/
- Published: 2026-11-13T05:15:31.000Z
- Updated: 2026-11-13T05:15:31.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Талас районунда БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында айылдык инфраструктураны жакшыртууга багытталган алты долбоор жактырылып, жумушсуз жарандар ишке тартылды. Бул тууралуу Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы билдирди.**

> Маалыматка ылайык, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн райондук комиссия жергиликтүү тургундар менен биргеликте айыл чарба инфраструктурасын өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча муктаждыктарды аныктаган. 

Натыйжада **12 долбоор** БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрүнө сунушталып, алардын **алтоо** жактырылган.

Үч тараптуу келишимдердин негизинде каттоодо турган **96 жумушсуз** жаран жумушка тартылган. Учурда **80 жарандын** ар бирине **6 кап ун**, **30 литр май** жана **1 800 сомдон** акчалай төлөм берилди.

Жалпысынан ****80 жаранга** ****24 тонна ун** жана ****144 миң сом** өлчөмүндө коомдук акы төлөнгөн. Калган ****16 жаран** жыл аягына чейин ушундай эле жардам менен камсыздалары күтүлүүдө.

Жактырылган долбоорлор төмөнкү иштерди камтыйт:

1. Беш-Таш айыл аймагынын Бал-Бал айылында Култай каналынын **290 метр** бөлүгүн бетондоо.
2. Каракол айыл аймагынын Арал айылында "Касым балбан" стадионундагы мини-футбол аянтчасын **200 метр зым тор** менен тосуу жана 1 **500 метр арык казуу**.
3. Арал айылындагы "Чойбек" өзөнүндө чакан каналдын **400 метр** бөлүгүн бетондоп оңдоо.
4. Чоң-Алыш айыл аймагында Манас айылындагы "Маңдай" суу өткөрүүчү лотоктун бир чакырымын оңдоо, Кара-Суу айылындагы сел өткөрүүчү көпүрөнү бекемдөө жана Бөлтүрүк каналындагы лотокторду оңдоо.
5. Кен-Кол айыл аймагынын Нылды айылында "Тынбас" каналын сел алып келген ылай-баткактан тазалоо.
6. Сары-Булак айылында авариялык арык каналды кум-шагыл жана баткактан тазалап, **3 шлюз** орнотуу.

Аталган долбоорлор айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга, сугат каналдарынын абалын оңдоого жана жергиликтүү калкты убактылуу жумуш менен камсыз кылууга багытталган.