> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/13/talasta-kurulush-kompaniiasyna-200-min-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-11-13T11:45:00.000Z
- Updated: 2026-11-13T11:44:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Талас шаарындагы курулуш объектилерине жүргүзүлгөн көзөмөлдүн алкагында Тагайбаев көчөсүндө курулуп жаткан жабык дренаж системасы пландан тышкары текшерилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.**

> Маалымдалгандай, текшерүү министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү.

Анын жүрүшүндө курулуш иштерин жүргүзүүдө шаар куруу документтеринин, техникалык регламенттердин, курулуш ченемдери менен эрежелеринин жана тиешелүү мыйзам талаптарынын бузулушу аныкталган.

Жыйынтыгында, курулуш иштерин аткарып жаткан "Баткен көчмө механизацияланган отряды" мамлекеттик ишканасына карата акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу жүзүндө эскертүү берилди. Ошондой эле ишканага ****200 миң сом** айып пул салынды.

Белгилей кетсек, аталган дренаж системасы Талас шаарынын түндүк-батыш тарабындагы жер астындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү максатында курулууда.