> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта жыл башынан бери 139 жумушсуз жаран кесипке акысыз окутулду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/13/talasta-zhyl-bashynan-beri-139-zhumushsuz-zharan-kesipke-akysyz-okutuldu/
- Published: 2026-11-13T06:01:00.000Z
- Updated: 2026-11-13T06:01:00.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кесиптик окутуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы билдирди.**

> Маалым болгондой, 2026-жылдын башынан бери башкармалык тарабынан жалпы **139 жаран** кыска мөөнөттүү кесиптик окууларга жөнөтүлгөн.

Алар электр-газ менен ширетүүчү, ашпозчу, чач тарач, автоэлектрик, электр монтеру, жыгач уста жана башка эмгек рыногунда суроо-талапка ээ кесиптерге акысыз окутулган.

Окууну аяктаган жарандардын ичинен **61 адам** жумуш менен камсыз болгон.

Белгилей кетсек, кесиптик окутуунун негизги максаты - жумушсуз жарандардын кесиптик жөндөмүн өнүктүрүү, эмгек рыногундагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана туруктуу жумуш табуусуна көмөктөшүү.