> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө 63 ишкана ачылып, 2 154 жумуш орду түзүлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/13/ysyk-koldo-63-ishkana-achylyp-2-154-zhumush-ordu-tuzuldu/
- Published: 2026-11-13T06:50:00.000Z
- Updated: 2026-11-13T06:50:00.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Өлкө башчысы Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.**

> Маалыматка караганда, акыркы беш жылда Ысык-Көл районунда **63 жаңы ишкана** ачылып, **2 154 жумуш орду** түзүлгөн. 2026-жылдын 10 айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү **826,2 млн сомду** түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу **6 эсеге** өскөн.

Ошондой эле райондо **6 мектеп**, **9 бала бакча**, **4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 9 фельдшердик-акушердик пункт, 7 спорт зал** жана кичи футбол үчүн **13 аянтча** пайдаланууга берилген. Мындан тышкары, таза суу менен камсыздоо боюнча **7 долбоор** ишке ашырылган.

Жол инфраструктурасын жакшыртуу багытында **220 чакырым** жол асфальтталып, **97 чакырым** тротуар курулган. Ошондой эле **26 чакыры**м курорттук жол жана үч жээк аймагы көрктөндүрүлүп, **106 атайын техника** сатып алынган.