> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/14/ak-suu-raionunda-turistterdin-sany-8-eseden-ashyk-ostu/
- Published: 2026-11-14T12:24:00.000Z
- Updated: 2026-11-14T12:23:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ак-Суу районунун акыркы беш жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.**

> Маалыматка ылайык, бул мезгилде райондо инвестициялардын көлөмү жана өнөр жай өндүрүшү кыйла өскөн. Жеке ишкерлердин саны дээрлик **40 %га** көбөйүп, жаңы өндүрүш ишканалары ачылган. Туризм тармагында да өсүш байкалып, туристтердин саны **8 эседен ашык** көбөйгөн.

Учурда райондо жол инфраструктурасын жакшыртуу жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын өнүктүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле тоо туризмин өнүктүрүүгө, заманбап инфраструктураны түзүүгө жана жаңы жумуш орундарын камсыздоого багытталган "Ала-Тоо Резорт" улуттук туристтик комплексин куруу ири келечектүү долбоорлордун бири болуп саналат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**