> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/14/balykchyda-2-2-mlrd-somduk-dolboorlor-ishke-ashuuda/
- Published: 2026-11-14T03:37:00.000Z
- Updated: 2026-11-14T03:36:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Өлкө башчысы Садыр Жапаров кечээ Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы шаарынын жана Ысык-Көл районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу анын администрациясы кабарлады.**

Мамлекет башчысына Балыкчы шаарында 2025–2026-жылдары республикалык бюджеттин, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен масштабдуу инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканы маалымдалды.

> Маалыматка ылайык, бул иштерге жалпы **2,2 млрд сом** каралып, шаарды өнүктүрүүгө жана тургундардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган **65 долбоорду** ишке ашыруу пландалган.

Атап айтканда, 2026-жылы **140 млн сомго** муниципалдык балык базарынын курулушу аяктады. Жаңы базарда 1**30 соода түйүнү**, унаа токтотуучу жай жана санитардык талаптарга жооп берген шарттар түзүлгөн.

Ошондой эле "Жети дубан ордосу" паркынын курулушу **90 %га** аяктады. Жалпы наркы ****149,5 млн сомду** түзгөн долбоордо Кыргызстандын жети облусунун тарыхый жана маданий символдору чагылдырылат. Алардын катарында Бурана мунарасы, Ысык-Көл, Таш-Рабат, Манас күмбөзү, жаңгак дарагы, Сулайман-Тоо жана Айгүл гүлү бар.

Мындан тышкары, шаарда **538 млн сомдук** жаңы муниципалдык базардын курулушу жүрүүдө. Ал пайдаланууга берилгенден кийин **350дөн ашык соода орду** жана **200 унаа токтотуучу жай** түзүлөт.

Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө **270 млн сом** бөлүнгөн. Медициналык мекемелер оңдолуп, жаңы жабдуулар менен камсыздалган. Катетеризациялык лаборатория ишке киргенден бери **235 жаранга жүрөк стенттери** орнотулган.

Билим берүү багытында **2 жаңы бала бакча** пайдаланууга берилип, жергиликтүү бюджеттен оңдоо иштерине **73 млн сом** каралган.

Аталган долбоорлор Балыкчы шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга, соода жана ишкердик чөйрөсүн өнүктүрүүгө, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү медициналык жана билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатууга багытталган.