> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/14/karakolgo-tartylgan-investitsiianyn-kolomu-9-5-mlrd-dollarga-zhetti/
- Published: 2026-11-14T08:14:00.000Z
- Updated: 2026-11-14T08:13:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Өлкө лидери Садыр Жапаров 13-ноябрда Каракол шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрация маалымдады.**

> Билдирүүгө караганда, шаарда инвестициялардын көлөмү 2021-жылдагы 1**,2 млрд сомдон** 2026-жылы **9,5 млрд сомго** жеткен. Ал эми 2026-жылдын тогуз айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү **4,6 млрд сомду** түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу **2 эсеге** көбөйгөн. Өнөр жай тармагында жалпы наркы **349,6 млн сомду** түзгөн 3**3 долбоор** ишке ашырылып, **1 155 жумуш орду** түзүлгөн.

Шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө да ири каражаттар багытталган. Жаңы жолдорду курууга **2,075 млрд сом** бөлүнүп, **61,8 чакырым жол** салынган. Мындан тышкары, "Каракол" эл аралык аэропорту **2,1 млрд сомго** модернизацияланып, калкты транспорттук тейлөөнү жакшыртуу үчүн 60 автобус сатып алынган.

Социалдык тармакта **435,1 млн сомго 6 бала бакча**, **3 мектеп** жана **1 китепкана** куруу каралган. Ошондой эле **3,6 млрд сомго 8 бала бакча** жана **6 мектепти** реконструкциялоо пландалган. Маалыматта мындан тышкары **5 мектеп** жана **5 бала бакча** реконструкцияланганы белгиленген. Чек ара кызматынын № 20-28 аскер бөлүгү да **1,2 млрд сомго** жаңыланган.