> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/14/orto-tokoi-suu-saktagychynda-myizamsyz-balyk-uuloo-anyktaldy/
- Published: 2026-11-14T11:45:00.000Z
- Updated: 2026-11-14T11:44:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Кочкор районундагы Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн түнкү рейд учурунда балык уулоо эрежелерин бузган **2 жаран** кармалган. Алардан мыйзамсыз кармалган **17 даана** сига лудога балыгы табылган.

Аталган жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык административдик протоколдор түзүлүп, тиешелүү токтомдор чыгарылган. Ошондой эле жаратылыш ресурстарына келтирилген зыян үчүн 1**7 миң 170 сом** өлчөмүндө доо коюлган.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**