> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде 27 млн сомдук жаңы көпүрө ачылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/15/batken-shaarynda-zhany-kopuro-paidalanuuga-berildi/
- Published: 2026-11-15T06:33:00.000Z
- Updated: 2026-11-15T06:32:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Баткен шаарынын Чет-Булак аймагындагы Алымбек Датка көчөсүндө, Курук-Сай аркылуу өтүүчү жаңы көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.**

> Маалыматка караганда, көпүрөнүн ачылышына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, шаар мэринин орун басары Алихан Ураимов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жаңы көпүрөнүн узундугу **18 метр**, туурасы **12 метр**, бийиктиги **3,6 метрди** түзөт. Эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар курулган.

Курулуш Баткен облустук өнүктүрүү фондунан каржыланып, жалпы **27 млн сомго** бүткөрүлдү.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**