> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги өрт чыккан курулуш объектисине айып салынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/15/bishkektegi-ort-chykkan-kurulush-obektisine-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-11-15T09:42:00.000Z
- Updated: 2026-11-15T09:41:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Бишкек шаарындагы Киев көчөсү, 42 дарегинде өрт чыккан курулуш объектисинде текшерүү жүргүзүлүп, курулуш эрежелеринин бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, кечээ министрликке караштуу мамлекеттик департаменттин инспекторлору тиешелүү адистер менен биргеликте объекттин техникалык абалын текшеришти.

Анын жыйынтыгында "Береке Билдинг" ЖЧКсына **200 миң сом** айып пул салынып, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу талап кылынды. Ошондой эле текшерүүнүн корутундусу чыкканга чейин курулуш иштери убактылуу токтотулду.

Эске салсак, аталган объектте өрт 13-ноябрда саат 18:40 чамасында чыгып, 19:37де толук өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар болгон эмес.