> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сузакта ишкер жеңилдетилген насыя менен кургатуу цехин ачты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/15/suzakta-ishker-zhenildetilgen-nasyia-menen-kurgatuu-tsekhin-achty/
- Published: 2026-11-15T11:28:00.000Z
- Updated: 2026-11-15T11:27:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы ишкер Гүлмира Жолборсова жеңилдетилген насыянын эсебинен кампа куруп, кургатуу жабдууларын сатып алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, ал насыяны Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү (APIU) аркылуу "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында алган.

Учурда ишкер кампасында кара өрүк жана жаңгак сактап, кара өрүктү кургатып, даяр продукцияны экспортко жөнөтүүдө.

Гүлмира Жолборсова келечекте кампага жашылча-жемиштерди сактоо багытын да кошууну пландоодо.

Ишкердин айтымында, жеңилдетилген насыя анын көптөн берки планын ишке ашырууга жана ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн.