> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тоң районунда туризмден түшкөн салык 18,1 млн сомду түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/15/ton-raionunda-turizmden-tushkon-salyk-18-1-mln-somdu-tuzdu/
- Published: 2026-11-15T08:27:00.000Z
- Updated: 2026-11-15T08:26:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Президент Садыр Жапаров кечээ Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тоң районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу анын администрациясынан маалымдашты.**

> Билдирүүгө караганда, 2021–2026-жылдары райондогу өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү **5,1 эсеге** көбөйүп, **691,1 млн сомго** жеткен. Бул аралыкта **15 ири жана чакан ишкана** ачылып, 1**01 жумуш орду** түзүлгөн.

Райондо туризм тармагы да өнүгүүдө. 2021-жылы аймакка **5 миң 200 турист** келсе, 2026-жылы алардын саны **73 миң 18 адамга** жеткен. Учурда туристтик багытта **41 объект** курулуп, **195 туруктуу жумуш орду** түзүлгөн. Мындан тышкары, сезондук жумуш орундарынын саны **5 миңге** жетет.

Туризм тармагынан түшкөн салыктык төлөмдөр 2021-жылдагы ****2,1 млн** сомдон 2025-жылы ****9,3 млн сомго чейин** өскөн. Ал эми 2026-жылдын тогуз айында бул көрсөткүч ****18,1 млн сомду** түзгөн.

Ошондой эле райондо **1 үрөнчүлүк** жана **5 асыл тукум чарба** ачылган. Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолун реконструкциялоо иштеринен тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен **60 чакырым жолго** асфальт төшөлгөн. Аткарылган иштердин жалпы наркы **516 млн сомду** түзгөн.