> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түптө 5 жылда 55 ишкана ачылып, 900 жумуш орду түзүлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/15/tupto-5-zhylda-55-ishkana-achylyp-900-zhumush-ordu-tuzuldu/
- Published: 2026-11-15T04:49:00.000Z
- Updated: 2026-11-15T04:49:00.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.**

> Маалымдалгандай, акыркы беш жылда райондо **55 жаңы ишкана** ачылып, **900 жумуш орду** түзүлгөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү **2 эседен ашык** өскөн. 

Ошондой эле мектептерди, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди жана спорттук объектилерди камтыган **128 социалдык объект** курулуп, пайдаланууга берилген. Жол инфраструктурасын өнүктүрүү багытында **193,5 чакырым жол** асфальтталган.

Учурда райондо "Күрмөнтү" цемент заводун, Түп ГЭСин жана агрологистикалык борборду куруу сыяктуу ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу улантылууда.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**