> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшү 128,5 млрд сомго жетти
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/15/zheti-oguz-raionunda-onor-zhai-ondurushu-128-5-mlrd-somgo-zhetti/
- Published: 2026-11-15T12:41:00.000Z
- Updated: 2026-11-15T12:40:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Жети-Өгүз районунун өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 71,1 млрд сомдон 2025-жылы 128,5 млрд сомго чейин өскөн. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаровго Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында маалымдалды.**

> Билдирүүгө караганда, бул көрсөткүчкө "Кумтөр" ишканасынын өндүрүшү да кирет. Ал эми инвестициялардын жалпы көлөмү **21,4 млрд сомго** жетери болжолдонууда.

Мындан тышкары, райондо жолдор оңдолуп, асфальтталып, **81 көпүрө** курулган. Ошондой эле **13 айылда** жалпы суммасы **981 млн сомду** түзгөн ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорлору ишке ашырылган.

Учурда Ара-Бел каналын, Кызыл-Суу айылындагы тазалоочу курулмаларды жана чакан ГЭСтерди куруу, туристтик объектилерди өнүктүрүү иштери уланууда.

Мындан сырткары, "Сүттүү-Булак" тоо лыжа базасын куруу жана Тосор айылын комплекстүү өнүктүрүү долбоорлору келечектүү багыттар катары белгиленди.