> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 10 айда пенсияларды каржылоо 94 млрд 369 млн сомду түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/16/10-aida-pensiialardy-karzhyloo-94-mlrd-369-mln-somdu-tuzdu/
- Published: 2026-11-16T05:36:41.000Z
- Updated: 2026-11-16T05:36:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2026-жылдын январь–октябрь айларында республика боюнча пенсияларды каржылоонун жалпы көлөмү 94 млрд 369 млн сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн Социалдык фонддон кабарлады.** 

> Маалым болгондой, 2025-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу (**86,7 млрд сом)** өсүү **7 млрд 621 млн сомду** түзүдү. 

 **Аймактар жана шаарлар боюнча бөлүштүрүү:**

- Бишкек шаары - **17,8 млрд сом**
- Чүй облусу - **12,5 млрд сом**
- Ош облусу - **16,2 млрд сом**
- Жалал-Абад облусу - **16,08 млрд сом**
- Ысык-Көл облусу - **8,3 млрд сом**
- Баткен облусу - **8,01 млрд сом**
- Нарын облусу - **7,05 млрд сом**
- Ош шаары - **4,3 млрд сом**
- Талас облусу - **3,8 млрд сом.**

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, учурда пенсионерлердин саны **832,4 миң** адамды түзөт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**