> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Гүлчө шаарында 120 орундуу бала бакча курулууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/16/gulcho-shaarynda-120-orunduu-bala-bakcha-kuruluuda/
- Published: 2026-11-16T05:25:22.000Z
- Updated: 2026-11-16T05:25:22.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө шаарында 120 балага ылайыкталган жаңы бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Учурда курулуш иштеринин 85 %ы аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, долбоор Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы **97 млн сомду** түзөт. Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган.

Эки кабаттуу имараттын негизги курулушу толугу менен тургузулуп, учурда калган жумуштар аткарылууда. Архитектуралык долбоор боюнча имараттын жалпы аянты 1**321 чарчы метрди** түзөт.

Жаңы бала бакчада балдардын уктоочу, оюн жана окуу бөлмөлөрү, ашкана, ошондой эле дарыгердин кабинети каралган. Мындан тышкары, бөбөктөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоо максатында оюн аянтчасы да курулууда.

Курулуш-монтаждоо иштерин "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.