> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Инвестициянын көлөмү өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/16/investitsiiasynyn-kolomu-ostu/
- Published: 2026-11-16T09:20:00.000Z
- Updated: 2026-11-16T09:20:00.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Экономика

**10 айда негизги каптиталга болгон инвестициянын көлөмү 422,9 миллиард сомду түзүп, былтыркы жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 1,6 эссеге өскөн.**

> "Өткөн жылдын ушул мезгилине караганда, негизги капиталга болгон инвестициянын ички каржылык булактарындагы өсүшү 1,6 эсеге, тышкы булактарда 1,8 эссеге көбөйдү", - деди улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов бүгүнкү маалымат жыйынында.

Ал белгилегендей, аталган сумманын 80%ы транспорт ишмердигине, электр энергия тармагына, көгүлтүр от жаатына, пайдалуу кендерди казууга, билим берүү объектилеринин курулушуна жана турак-жайлардын салынышына жумшалган.