> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 14,1 млрд долларды түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/16/kyrgyzstandyn-tyshky-soodasynyn-kolomu-14-1-mlrd-dollardy-tuzdu/
- Published: 2026-11-16T08:27:32.000Z
- Updated: 2026-11-16T08:27:32.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**2026-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 14,1 млрд АКШ долларын түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,6 %га көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети бүгүнкү маалымат жыйынында маалымдады.**

> Билдирүүгө караганда, анын ичинде Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү **5,2 млрд АКШ долларына** жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу **11,3 %га** өстү.

Мында экспорттук жөнөтүүлөр **8,2 %га** төмөндөп, импорттук түшүүлөр 1**6,5 %га** көбөйдү. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын өз ара соодасында Орусиянын үлүшү **61,5 %ды**, Казакстандын үлүшү **35,2 %ды** түздү.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**