> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МинКаб башчысы 73 тез жардам унаасынын ачкычтарын тапшырды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/16/minkab-bashchysy-73-tez-zhardam-unaasynyn-achkychtaryn-tapshyrdy/
- Published: 2026-11-16T06:41:00.000Z
- Updated: 2026-11-16T06:40:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине 73 жаңы тез жардам унаасынын ачкычтарын тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.**

Иш-чарада Адылбек Касымалиев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар социалдык тармактарды өнүктүрүүгө жана саламаттык сактоо системасын жаңылоого шарт түзүп жатканын белгиледи.

> Анын маалыматына караганда, 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешелери **209,9 млрд сомду** түзсө, 2026-жылы бул көрсөткүч **700 млрд сомдон** ашары күтүлүүдө. Ал эми саламаттык сактоо тармагын каржылоо 2021-жылдагы **26 млрд сомдон** 2026-жылы **73,1 млрд сомго** чейин көбөйгөн.

Жаңы тез жардам унаалары В классындагы медициналык транспорт каражаттары болуп саналат. Алар жасалма дем алдыруучу аппараттар, портативдик электрокардиографтар, кычкылтек берүү тутумдары жана башка зарыл медициналык жабдуулар менен камсыздалган.

Унаалар чоңдорго, балдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга шашылыш медициналык жардам көрсөтүүгө арналган. Алар аймактардагы, анын ичинде алыскы айылдардагы жана тоолуу райондордогу медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Белгилей кетсек, тез жардам унаалары Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу" программасынын алкагында сатып алынган. Жалпы сатып алуу баасы ****313 млн сомдон** ашат.

Буга чейин саламаттык сактоо тармагына **100 кызматтык Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү унаа** да тапшырылган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6afa9a0ea67e5-thumb.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6afa9a110ef53-thumb.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6afa9a110cfa3-thumb.jpg)