> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө дан эгиндери быйыл   27 пайызга көп жыйналды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/16/olkodo-dan-eginderi-byltyrkygy-karaganda-byiyl-2-paiyzga-kop-zhyinaldy/
- Published: 2026-11-16T09:25:25.000Z
- Updated: 2026-11-16T09:33:09.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**23-октябрга карата өлкөдө дан эгиндери *(дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч)* 614,6 миң гектар аянттан жыйналып алынды.** **Бул тууралуу Сатистика комитетинин маалыматында көрсөтүлөт.** 

> Белгиленгендей, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу **2,0 пайызга** көп. 

Мында алгачкы кабыл алынган салмакта **2,3 млн тонна** дан жыйналды. Бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу дээрлик **27,8 пайызга** көбөйгөн.

**23-октябрга карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы** 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/image.png)

Ушул жылдын вегетация мезгилиндеги ыңгайлуу аба ырайы шарттары арпанын   **(45,3 пайызга**), буудайдын **(44,9 пайызга**), дан жүгөрүнүн (**6,5 пайызга**), дан буурчак өсүмдүктөрүнүн **(4,3 пайызга)**, күрүчтүн **(2,4 пайызга)**, май өсүмдүктөрүнүн **(8,2 пайызга)**, кант кызылчасынын **(7,5 пайызга),** картошканын **(4,5 пайызга)**, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн **(2,9 пайызга)** жана бакча өсүмдүктөрүнүн **(2,1 пайызга)** дүң жыйымынын өсүшүнө өбөлгө түздү.

2026-жылдын түшүмү үчүн пахтанын жана жашылча өсүмдүктөрүнүн себүү аянттарынын кыскаргандыгын эске алуу менен, өткөн жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу пахтанын **(30,1 пайызга)** жана жашылча өсүмдүктөрүнүн (**5,5 пайызга)** дүң жыйымынын азайгандыгы белгиленди.