> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө курулуш көлөмү 1,6 эсеге көбөйүп, керектөө баалары 8,8 пайызга өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/16/olkodo-kurulush-kolomu-1-6-esege-koboiup-kerektoo-baalary-8-8-paiyzga-ostu/
- Published: 2026-11-16T08:58:00.000Z
- Updated: 2026-11-16T08:57:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**2026-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда курулуш тармагындагы көлөм өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.**

> Маалыматка ылайык, айыл чарбасында **4,7 %дык**, дүң жана чекене соодада **4,3 %дык** өсүш катталды. Ошол эле учурда отчеттук мезгилде республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы өсүшү **8,8 %ды** түздү. 

Анын ичинде тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар **7,7 пайызга**, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары **8 %га**, азык-түлүк эмес товарлар **7,6 %га** кымбаттады. Калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери **12,2 %га** жогорулады.

Баалардын эң жогорку өсүшү Ош облусунда катталып, **17,1 %ды** түздү. Облуста тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар **11,4 %га**, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары **28,4 %га**, азык-түлүк эмес товарлар 1**3 пайызга** кымбаттап, кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери **29,5 %га** өстү.