> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Кытайдагы ишкердик форумуна катышууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/16/sooda-onor-zhai-palatasynyn-okulu-kytaida-ishkerdik-forumga-katyshuuda/
- Published: 2026-11-16T04:13:17.000Z
- Updated: 2026-11-16T04:13:16.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Россиядагы өкүлү Кубанычбек Осмонбеков Кытайдын Чунцин шаарында өтүп жаткан "Евразия ишканаларынын Чунцинге сапары" аттуу** **ишкердик форумга катышууда. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.** 

Эл аралык форум Кытай менен Евразия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ишкердик байланыштарды бекемдөөгө жана жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө багытталган.

> Белгиленгендей, иш-чаранын алкагында ишкерлер тажрыйба алмашып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биргелешкен инвестициялык жана коммерциялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашууда.

Форум кыргыз-кытай экономикалык алакаларын чыңдоого, өз ара сооданы өнүктүрүүгө жана кыргызстандык ишканалардын тышкы рынокторго чыгышына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**