> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токтогулда 100 баш уйга ылайыкташкан ферма курулууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/16/toktogulda-100-bash-uiga-ylaiyktashkan-ferma-kuruluuda/
- Published: 2026-11-16T10:14:23.000Z
- Updated: 2026-11-16T10:14:23.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Токтогул районунун Комсомол айылында жеке ишкер Дайырбек уулу Улукбек тарабынан мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана сүт өндүрүүнү көбөйтүүгө багытталган ири долбоор ишке ашырылууда.** 

> Айыл чарба министрлиги билдиргендей, учурда **100 баш саан уйга** эсептелген заманбап ферманын курулушу **80 пайызга** аяктады.

Ишкер жаз айларында Чехиядан сүт багытындагы асыл тукум уйларды алып келүүнү пландоодо. 

> Анын айтымында, ар бир уйдан күнүнө орточо **20 литрден** кем эмес сүт алуу күтүлүүдө. 

Натыйжада ферма толук кубаттуулукта иштегенде күнүнө кеминде **2 миң литр** сүт өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/fe5363f0-62ad-4590-a60d-9065dc6b2769.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/948bbc50-e02a-42e6-ac21-bef5c547ec89.jpeg)

Ал фермасын толугу менен ишке киргизгенден кийин, сүттү кайра иштетүүчү цех курууну көздөөдө. 

**Аны ишке ашырууга кошумча каржылоо тартуу максатында "АБанк" аркылуу насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.*

Долбоор толук ишке ашса, күнүнө кеминде **2 миң литр** сүт өндүрүлүп, кайра иштетүү аркылуу кошумча нарк жаратууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү рынокту сапаттуу сүт азыктары менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**