> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда "Арзибай-Ата Компани" ишканасын өнүктүрүү иштери жүрүүдө
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/16/zhalal-abadda-arzibai-ata-kompani-ishkanasyn-onukturuu-ishteri-zhuruudo/
- Published: 2026-11-16T03:17:00.000Z
- Updated: 2026-11-16T03:16:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Жалал-Абад облусунда жайгашкан "Арзибай-Ата Компани" ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана өндүрүштү ишке киргизүүгө даярдоо иштери уланууда. Бул тууралуу** **Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу** **Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди.**

> Маалыматка караганда, аталган бөлүмдүн жетекчиси жана адистери ишканага барып, жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүнө мониторинг жүргүзүштү.

Буга чейин ишканага "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя берилген. Каражат имарат сатып алууга, оңдоо иштерине, шоктук тоңдуруу жабдууларын жана продукция ташуучу унаа сатып алууга жумшалган.

Учурда ишканада даярдык жана оңдоо иштери жүрүп, өндүрүштү ишке киргизүү үчүн шарттар түзүлүүдө.

Долбоор ишке ашса, мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды сактоо, кайра иштетүү, шоктук тоңдуруу мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, продукциянын сапатын жогорулатууга жана экспорттук потенциалды арттырууга шарт түзүлөт.

Белгилей кетсек, долбоор Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жүзөгө ашырылууда. Ишканага жеңилдетилген насыядан тышкары окутуу, консультациялык жана практикалык жардамдар да көрсөтүлөт.