> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/17/2027-zhyly-respublikalyk-biudzhettin-kolomu-1-trln-somdon-ashat/
- Published: 2026-11-17T10:16:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T10:15:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоору сунушталды. Ага ылайык, келерки жылы консолидацияланган бюджеттин жалпы ресурстары 1 трлн 53 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кеңейтилген жыйынында билдирди.**

> Анын маалыматына ылайык, 2027-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү **2 трлн 736 млрд сомдон ашат** деп болжолдонууда.

Бюджеттин негизги бөлүгү социалдык тармактарга багытталат. Тактап айтканда, билим берүүгө **134,2 млрд сом**, саламаттык сактоого **76,4 млрд сом** жана социалдык коргоого **47,3 млрд сом** бөлүү каралган.

Мындан тышкары, капиталдык чыгашаларга республикалык бюджеттен ****110,7 млрд сом** каралган. Анын ичинен Барскоон - Бедел жолун курууга ****17,7 млрд сом** жумшалат. Ал эми социалдык объектилерди курууга, таза суу менен камсыздоого, ирригацияга жана инфраструктураны өнүктүрүүгө ****10 млрд сом** бөлүү пландалууда.

Ишкердикти жана айыл чарбасын колдоого **5,3 млрд сом** субсидия каралган. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттерге **19,4 млрд сом** трансферт жана **1,8 млрд сом** үлүштүк грант бөлүнөт.

Бааларды турукташтырууга **5 млрд сом**, Турукташтыруу фондуна **20 млрд сом** багытталат.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджеттин кирешеси ****693,8 млрд сомду** түзүп, пландан ****27,9 млрд сомго** көп түшкөн. Бул мезгилдеги чыгашалар ****589,5 млрд сомго** жеткен.