> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чапаев  –  Кегети  –  Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/17/chapaev-kegeti-arpatekir-zholundagy-sapatsyz-asfalt-kaira-tosholuudo/
- Published: 2026-11-17T06:03:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T06:02:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Чүй облусундагы Чапаев - Кегети - Арпа-Тектир унаа жолунун 3,2 чакырым тилкесинде асфальт төшөө иштеринде мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.**

> Маалыматка караганда, министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин текшерүүсүндө жол иштери курулуш ченемдерине жана техникалык талаптарга жооп бербегени белгилүү болгон.

Жыйынтыгында подряддык уюм - "Дол Нур ЛТД" ЖЧКсына **200 миң сом** айып салынып, кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмө берилген.

Учурда талапка жооп бербеген асфальт катмары сыйрылып, жол кайрадан технологиялык талаптарга ылайык төшөлүүдө.