> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сузактагы кыш завод абаны булгаганы үчүн айыпка жыгылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/17/suzaktagy-kysh-zavod-abany-bulgagany-uchun-aiypka-zhygyldy/
- Published: 2026-11-17T06:19:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T06:18:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сасык-Булак айылындагы кыш чыгаруучу чакан ишканада экологиялык текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, текшерүүдө заводдун мештеринин морлоруна зыяндуу заттарды тазалоочу жабдуулар орнотулбаганы аныкталган.

Натыйжада ишканага **28 миң сом** айып салынып, мыйзам бузууларды жоюу үчүн бир айлык мөөнөт берилди. Ошондой эле төрт пункттан турган эскертме тапшырылды.