> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/17/suzaktyn-oktiabr-aiylynda-zhany-kinoteatr-zhana-es-aluu-bagy-achyldy/
- Published: 2026-11-17T08:07:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T08:06:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Октябрь айылында реконструкцияланган эс алуу багы жана 196 орундуу жаңы кинотеатр пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.**

Ачылыш аземине президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.

> Маалыматка ылайык, 1,5 гектар аянтты ээлеген эс алуу багын оңдоого **31 млн 882 миң сом**, кинотеатрдын курулушуна **33 млн 314 миң сом** бөлүнгөн.

Мындан тышкары, долбоорлорду ишке ашырууга облустук өнүктүрүү фондунан **26 млн сом** багытталган.