> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/17/talasta-tashtandy-bashkaruu-sistemasyn-zhakshyrtuu-boiuncha-ishter-zhurguzuluudo/
- Published: 2026-11-17T12:05:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T12:04:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Талас облусунда катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын өркүндөтүү жана таштандыларды чогултуу, чыгаруу кызматтарынын сапатын жогорулатуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, бул багыттагы иштер 2025–2030-жылдарга карата кызматтарды жакшыртуу боюнча аракеттер планынын алкагында ишке ашырылууда.

2025-жылдын 26-августунда мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосунда кызматташтык меморандумуна кол коюлган. Анын негизинде "Бир аймак – бир полигон!" принциби менен Талас шаары, Талас жана Бакай-Ата райондорунун биргелешкен иш-аракеттери уюштурулган.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 14-ноябрында муниципалитеттер аралык бирдиктүү иш-аракеттер планы бекитилип, калдыктарды башкаруу жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү иштери уланууда.

Бакай-Ата районунда заманбап таштанды полигонун жана калдыктарды кайра иштетүүчү ишкана куруу үчүн ****8 гектар жер тилкеси** бөлүнгөн.

Ошондой эле республикалык конкурстун жыйынтыгында **14 млн сомдук грант** утуп алынып, бул каражаттын жана жергиликтүү өздүк салымдардын эсебинен төрт атайын автоунаа сатып алынган.