> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түп районунда 275 орундуу мектеп курулууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/17/tup-raionunda-275-orunduu-mektep-kuruluuda/
- Published: 2026-11-17T05:01:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T05:00:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Көөчү айылында 275 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.**

> Маалыматка караганда, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы баасы **218 миллион сомду** түзөт.

Курулуш иштери 2025-жылдын декабрь айында башталган. Учурда эки кабаттуу имараттын дубалдары тургузулуп, чатырын жабууга даярдык көрүлүүдө.

Жаңы мектепте окуу класстарынан тышкары компьютердик класс, лаборатория, китепкана, ашкана, медициналык бөлмө жана жыйындар залы болот.

Курулуштун сапаты тиешелүү мамлекеттик мекеме тарабынан көзөмөлдөнүүдө.