> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 10 айда 5,3 млрд сомдук баалуу кагаздар сатылганы айтылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/18/10-aida-5-3-mlrd-somduk-baaluu-kagazdar-satylgany-aityldy/
- Published: 2026-11-18T04:15:00.000Z
- Updated: 2026-11-18T04:14:59.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Экономика

**Кыргыз фондулук брижасы 10 айда жалпы 210 млрд 532 млн сомдук бүтүмдөрдү жасады. Бул тууралуу аталган фонддун вице-президенти Мыктыбек Абиров "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.**

Анын айтымында, бул аралыкта 1810 бүтүм (сатуу жана сатып алуу келишими) түзүлгөн. Анын ичинен 5 млрд 385 млн сомдук бүтүмдөр мамлекеттик баалуу кагаздарга тиешелүү.

> "Мамлекеттик баалуу кагаздар дүйнөдө ишенимдүү болуп эсептелинет. Мамлекет өзүнүн карызын ар дайым төлөп берет. Ошондуктан банктар, камсыздандыруу компаниялар, юридикалык жактар жана башка финансылык институттар мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестиция кылышат", - деди ал.

Абиров мамлекеттик баалуу кагаздарды президент дагы сатып алганын кошумчалады.