> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө 10 айда 71 ишкана ачылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/18/10-aida-71-ishkana-achyldy/
- Published: 2026-11-18T06:06:00.000Z
- Updated: 2026-11-18T06:08:22.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Экономика

**10 айда өнөр жай продукциясынын көлөмү 770,9 млрд сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев парламенттин бүгүнкү отурумунда билдирди.**

Ал январь-октябрь айларында жаңы 71 ишкана ачылганын белгилеп, жыл аягына чейин дагы 47 ишкана ишке кирерин айтты. Касымалиев белгилегендей, өндүрүштөргө **1 млрд 891,8 млн доллар** инвестиция салынган.

> Касымалиев:" Токмокто дөңгөлөк иштетүүчү, Ивановкада айнек-пластик түтүк чыгаруучу, Манаста металл конструкцияларын чыгаруучу заводдор жана Балыкчыда логистикалык борбор ишке кирди" деп айрымдарын санап өттү.

Өкмөт башчы жыл аягына чейин текстиль комбинаты, мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана жана Кочкор-Атада мунай иштетүүчү заводдун биринчи этаптары ачыларын кошумчалады.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**