> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/18/chuido-kurulush-erezhelerin-buzgan-3-kompaniiaga-635-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-11-18T11:42:59.000Z
- Updated: 2026-11-18T11:42:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Чүй облусунда курулуш объектилерин текшерүү учурунда мыйзам талаптары жана коопсуздук эрежелери бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.**

> Маалымдалгандай, министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы рейд учурунда үч объектти текшерген.

Алар:

- Кара-Жыгач конушундагы 12 кабаттуу көп функционалдуу комплекс;
- Байтик айылындагы Райымбеков көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан төрт кабаттуу турак үй;
- Беш-Күңгөй айылындагы Ж. Сагындык көчөсү, 13 дарегинде жайгашкан беш кабаттуу турак үй.

Текшерүүнүн жыйынтыгында "СК Моноблан", "Нур Глобал строй" жана "БРК Байтик" компанияларына аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилип, жалпы ****635 миң сом** айып салынды.

Министрлик курулуш иштеринде мыйзамдарды, шаар куруу ченемдерин жана техникалык коопсуздук талаптарын сактоо зарылдыгын эскертти.