> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эмгек акы кайсы тармактарда кыйла жогорулаган?
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/18/emgek-aky-kaisy-tarmakta-zhogorulagan/
- Published: 2026-11-18T08:30:00.000Z
- Updated: 2026-11-18T08:39:29.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Экономика

**Быйыл эмгек акынын реалдуу жогорулашы 16,6%ды түздү. Номианалдык өсүшү 29,4% болду.**

> Минисрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында маяна саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө кызматтарында 51,1%га, билим берүү тармагында 47,6%га, айыл чарба тармагында 32,9%га жана курулушта 22,6%га көтөрүлгөнүн айтты.

Өкмөт башчы жакырчылыктын деңгээли 2021-жылдагы 33,3%дан 24%га чейин төмөндөп, былтыр 9,3%ды түзгөнүн кошумчалады.

Эске салсак, өлкөдө январь-сентябрь айларына карата орточо эмгек акы 55 525 сомду түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,4 %га көп.