> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кепилдик фонд 10 айда 2,7 млрд сомдук ипотекалык жана автокредиттердин берилишине көмөктөштү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/18/kepildik-fond-10-aida-2-7-mlrd-somduk-ipotekalyk-zhana-avtokreditterdin-berilishine-komoktoshtu/
- Published: 2026-11-18T10:17:07.000Z
- Updated: 2026-11-18T10:17:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2026-жылдын январь–октябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы жарандардын ипотекалык жана автокредит алуусун колдоо үчүн 623,9 млн сомдук 711 кепилдик берди. Бул кепилдиктердин жардамы менен жалпы суммасы 2,69 млрд сомду түзгөн кредиттер берилди.**

> Фонддун маалыматына ылайык, кепилдиктер “Келечек” жана “Унаа” продуктуларынын алкагында берилген. Алар жарандарга ипотека жана автоунаа сатып алуу үчүн кредит алууда баштапкы төлөм маселесин чечүүгө жардам берет.

Баштапкы төлөмсүз ипотекалык кредит алууга кепилдик колдоосу аркылуу мүмкүнчүлүк берген "Келечек" продуктусунун алкагында үстүбүздөгү жылдын 10 айында 489 млн сом суммасында 395 кепилдик берилди. Тиешелүү ипотекалык кредиттердин суммасы 2,06 млрд сомду түздү.

Ал эми автоунааны баштапкы төлөмсүз сатып алууга мүмкүнчүлүк берген "Унаа" продуктусу боюнча ушул эле мезгилде 135 млн сом суммасында 316 кепилдик берилди. Алардын жардамы менен 636,6 млн сомдук автокредиттер берилди.

"Келечек" жана "Унаа" кепилдик продуктулары 2025-жылы ишке киргизилген. Ошондон бери фонд жалпы суммасы 808,7 млн сомду түзгөн 970 кепилдик берген. Алардын негизинде 3,47 млрд сомдук кредиттердин берилишине көмөктөшкөн. Анын ичинен "Келечек" продуктусу боюнча 500, «Унаа» продуктусу боюнча 470 кепилдик берилген.