> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан экономикалык өсүү боюнча былтыр 4түккө кирди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/18/kyrgyzstan-byltyr-4tukko-kirdi/
- Published: 2026-11-18T04:57:54.000Z
- Updated: 2026-11-18T04:59:14.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Экономика

**Былтыр Кыргызстан экономикалык өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 4 өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.**

Өкмөт башчы мындай жыйытыкты Эл аралык валюта фонду чыгарганын белгиледи. Касымалиевдин айтымында, былтыр ички дүң өндүмдүн көлөмү дээрлик **2 трлн сомду** түзсө, быйыл жыл аягында ИДӨ **2 трлн 353 млрд сомго** жетери күтүлүүдө.

> "Былтыр ИДӨнүн калктын жан башына болгон көрсөткүчү **3080 долларды** түздү. Жыл аягында бул көрсөткүс **3600 долларга** жетер деп болжолдоп жатабыз", - деди ал.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**