> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанга визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн 18 өлкөгө кеңейтүү сунушталууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/18/kyrgyzstanga-vizasyz-kiruu-mumkunchulugun-18-olkogo-keneituu-sunushtaluuda/
- Published: 2026-11-18T10:48:18.000Z
- Updated: 2026-11-18T10:48:18.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кыргызстанга визасыз кире ала турган өлкөлөрдүн тизмесине дагы 18 мамлекетти кошуу сунушталууда. Ошондой эле айрым өлкөлөрдүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн ар бир 120 күндүк мезгилде 30 күндөн 60 күнгө чейин узартуу каралууда.**

Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы №541 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча коомдук талкууга чыгарылган долбоордо айтылат. Долбоорго ылайык, тизмеге төмөнкү мамлекеттерди кошуу сунушталган:

- Индонезия;
- Филиппин;
- Иордания;
- Марокко;
- Түштүк Африка Республикасы;
- Венесуэла;
- Непал;
- Тунис;
- Колумбия;
- Доминикан Республикасы;
- Коста-Рика;
- Эквадор;
- Перу;
- Панама;
- Сейшел аралдары;
- Гватемала;
- Тринидад жана Тобаго;
- Ямайка.

Мындан тышкары, учурда визасыз режим берилген мамлекеттердин тизмесинде көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн жарандары үчүн Кыргызстанда болуу мөөнөтүнар бир 120 күндүн ичинде жалпысынан **30 күндөн 60 күнгө чейин** узартуу сунушталууда. Бул өзгөртүү узак мөөнөттүү туристтик сапарларды, анын ичинде бийик тоолуу альпинисттик экспедицияларды уюштурууну жеңилдетүүгө багытталган.

> Долбоордо белгиленгендей, бийик тоолуу экспедициялар климатка көнүү, чыгууга даярдык көрүү, коопсуздукту камсыз кылуу жана ыңгайлуу аба ырайын күтүү сыяктуу себептерден улам **45–60 күнгө** чейин созулушу мүмкүн. Учурдагы **30 күндүк визасыз мөөнөт** мындай сапарларды уюштурууда кошумча административдик жана **убакыт** **чыгымдарын жаратууда**.

Долбоордун авторлору визалык саясатты жеңилдетүү Кыргызстанга чет өлкөлүк туристтердин агымын көбөйтүүгө, жаңы туристтик рынокторду өздөштүрүүгө жана өлкөнүн эл аралык туристтик рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт деп эсептешет.

Маалыматка ылайык, ****Казакстанда** визасыз режим ****80ден ашык, Өзбекстанда 90дон ашык** мамлекеттин жарандарына жайылтылса, ****Кыргызстанда** негизги тизме ****55 мамлекетти камтыйт**. Дагы 20 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз кирүү өзүнчө ченемдик жоболор менен каралган.