> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик карыздын ИДӨгө карата көлөмү төмөндөдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/18/mamlekettik-karyzdyn-idogo-karata-kolomu-tomondodu/
- Published: 2026-11-18T05:32:24.000Z
- Updated: 2026-11-18T05:32:23.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик карыздын ички дүң өндүмгө карата көлөмү акыркы 6 жыл аралыгында төмөндөгөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.**

Анын айтымында, мамлекеттик карыздын ИДӨгө карата көлөмү 2020-жылы 63,6% болсо, быйылкы жылдын сентябрь айына карата 38,5%ды түзгөн. Ал эми бул көрсөткүч 2021-жылы 55,8%дык, 2022-жылы 46,9%дык, 2023-жылы 42%дык, 2024-жылы 36,2%дык жана былтыр 39,5%дык чектерде болгон. 

> "2030-жылга чейин муну азыркы деңгээлден ашырбай кармоону көздөп жатабыз", - деди өкмөт башчы.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**