> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик казынанын кирешеси жана чыгашасы ачыкталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/18/mamlekettik-kazynanyn-kireshesi-zhana-chygashasy-achyktaldy/
- Published: 2026-11-18T05:17:49.000Z
- Updated: 2026-11-18T05:22:25.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Экономика

**Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында мамлекеттик бюджет тууралуу маалымат берип жатат.**

Анын айтымына караганда, январь-октябрь айларында республикалык бюджеттин кирешеси **693,8 млрд сомду** түзүп, пландан **199, 27,9 млрд сомго** көп топтолгон. Ал эми чыгашанын көлөмү **589,5 млрд сомго** жеткен.

> "Киреше былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу **199,2 млрд сомго** көп болсо, чыгаша **189,1 млрд сомго** көп болду", - деди Касымалиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, 10 айда салыктын кирешелер **444 млрд сомду**, салыктык эмес кирешелер **227 млрд сомду** түзгөн. 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**