> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Социалдык контракт: Биринчи Май районунда үч ишкердин долбоору жактырылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/18/sotsialdyk-kontrakt-birinchi-mai-raionunda-uch-ishkerdin-dolbooru-zhaktyryldy/
- Published: 2026-11-18T07:21:00.000Z
- Updated: 2026-11-18T07:20:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Экономика

**Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда социалдык келишимди ишке ашыруунун жаңы ыкмаларын киргизүүгө багытталган пилоттук долбоордун алкагында комиссиянын алгачкы жыйыны болуп өттү.**

Иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын, ошондой эле Биринчи Май райондук салык кызматынын өкүлдөрү катышты.

> Мэриянын билдирүүсүнө караганда, жыйындын жүрүшүндө жарандардын бизнес-пландары каралды. Анын жыйынтыгында **үч ишкердин** долбоору жактырылды.

Пилоттук долбоор жарандардын ишкердик демилгелерин колдоого алууга жана социалдык келишимди ишке ашыруу механизмин өркүндөтүүгө багытталган.

> "Социалдык контракт" долбоору —бул Кыргызстанда аз камсыз болгон жана турмуштук оор абалдагы үй-бүлөлөрдү колдоого, алардын экономикалык активдүүлүгүн арттырууга жана туруктуу киреше булагын түзүүгө багытталган мамлекеттик программа. 

- Долбоорго катышкан үй-бүлөлөргө өз ишин (бизнесин) баштоого же өнүктүрүүгө кайтарымсыз каражат берилет.
- Келишим 3 жылдык мөөнөткө түзүлөт.
- Бөлүнгөн каражат көбүнчө айыл чарбасы, өндүрүш, соода-сатык жана кызмат көрсөтүү тармактарына жумшалат. Статистика боюнча, долбоордун катышуучуларынын басымдуу бөлүгүн айыл жеринде жашаган аялдар түзөт.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**